Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Германияда Чоң Сегиздин саммити башталууда


Саммит өтүүчү жер - куррорттук Хайлигендамм шаарчасында бүгүн Чоң Сегиздин лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Маселен Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш немец канцлери Ангела Меркель жана жапон премьер-министри Шинзо Абе менен самиттин күн тартибиндеги маселелердин бири – климаттын өзгөрүшүн талкуулады. Бул жолку жыйын АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда орнотуу планы боюнча Орусия менен Кошмо Штаттар ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер чыккан учурга туш келди. АКШ президенти Жорж Буш кечээ Чехияда болгон учурда Орусия үчүн ракетадан коргонуу системасынан корко турган эч нерсе жок экенин билдирген эле. Мурдараак орус президенти Путин, эгер АКШ бул планын ишке ашырса, Орусия ракеталарын кайрадан Европаны көздөй багытташы мүмкүн экенин эскерткен. Адаттагыдай эле Чоң Сегиздин бул жолку саммитин коштой антиглобалисттердин демонстрациялары өтүүдө. Саммит өтүүчү шаарчаны убактысынча курчаган 12 чакырымдык коргонго жетип, таш ыргыткан демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

XS
SM
MD
LG