Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасы Ооганстандагы коопсуздук менен экономикалык өнүгүүгө 6 миллиард 400 миллион доллар караштырган мыйзам долбоорун кабыл алды. “Ооганстандагы эркиндик менен коопсуздукту колдоо акты” деп аталган документте андан сырткары оогандык маңзаттар соодасына каршы күрөшө турган АКШ өкмөтүнүн координаторун дайындоо да каралган.