Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

ОШТО РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ АЯКТООДО


Фестивалга маданият жана маалымат министри Султан Раев, Ош облусунунун Тюрксой уюмунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Мустафа Балчык, Ош облустук администрациясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жана театр ишмерлери катышты. Анда жалпысынан өлкөнүн баардык аймактарынан он төрт театр катышып, оюндарын тартуулашты.

Кыргыз улуттук драма театры Саид Акматтын “Күйөө бала”, “Учур” телетеатры Чынгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Жаабарс”, Ош өзбек драма театры Султан Раевдин пьесасына коюлган “Алай ханышасынын көз жашы” спектаклдерин көрсөтүштү. Мындан сырткары биринчи ирет Баткен музыкалык драма театры жана Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын артистери катышып, өнөрлөрүн тартуулашты. Жалпысынан фестивалда ондон ашык спектакль көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрынын режиссеру, КРнын эл артисти Алмаз Сарлыкбеков мындай чоң масштабдагы фестивалдын биринчи ирет дубанда өтүшү, көп театрлардын катышуусу жана көрүүчүлөрдүн арбын келгени мени сүйүндүрдү деди.

Ал эми Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыков фестивалдын бир кемчилиги катары буларды белгиледи.

-Театр жамааттары спектаклди койгондон кийин эле кетүүгө туура келип жатат. Калып, башка артистер менен пикир алышып, фестиваль жабылганча бул жерде болсок жакшы болмок.

Фестивалда калыстар тобунун курамын Кыргыз Республиксынын эл артисти, белгилүү актер Сатыбалды Далбаев баштаган бир катар театр ишмерлери, сынчылары жана сүрөтчүлөр жана коңшулаш мамлекеттерден келген коноктор түздү.

Эми бүгүн фестивалдын жыйынтыгы чыгарылат. Анда эң мыкты спектакль, эң мыкты эркектин ролу, мыкты жасалга, музыка жана башка бир катар номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле мыкты делген эки спектакль 2008-жылы Бишкекте өтө турган “Арт Ордо” эл аралык театр фестивалына катышууга жолдомо алат. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин айтымында бул фестиваль келерки жылы Караколдо өтөт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG