Талибдер ооган улутундагы үч мээрман айымды жана бир айдоочуну быйыл март-апрель айларында барымтага алышкан эле. Алар талибдердин таасирлүү кол башчысы, молдо Дадулланын сөөгү өткөрүлүп берилгенден кийин бошотулган. Молдо Дадулла НАТО жана ооган аскерлери быйыл майда өткөргөн аскерий операция учурунда жок кылынган болчу.