Мындай маалыматты 7-июнда маркум Бектемир Акуновдун бир тууган иниси Калыбек Акунов “Азаттыкка” билдирди. Бириккен фронттун мүчөсү саясий ачкачылыктын катышуучусу 15-апрелде Нарын шаардык милициясынын абагында белгисиз жагдайда каза болгон Бектемир Акуновдун иши боюнча күбөлөр суралып бүтүп, эми окуя болгон жерде териштирүү эксперименти болду. Жабырлануучу тарап укук коргоо органдары сунуш кылган товар көрсөтүүчү маникенге макул болбой Калыбек Акунов көйнөктөн жасалган сыйыртмакты өз мойнуна салып, натыйжада көйнөк байлаганга жетпей калган. Бирок салмагы 95 кг. кум салынган мүшөктү көйнөк көтөргөнү менен өлгөндөн кийинки адамдын денесинин салмагы эсептелинген жок, дейт Акуновдор. (JI)