Кечээ кечинде фестивалдын жабылыш аземи болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Анда баш байге Ош кыргыз драма театрына, биринчи орун Ысыккөл драма театрына ыйгарылды. Мындан сырткары бир катар номинациялар боюнча да сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле мыкты делген эки спектакль келерки жылы Бишкекте өтө турган “Арт Ордо” эл аралык театр фестивалына катышууга жолдомо алды. (SM)