“Жашыл машак” деп аталган Кувейт коомдук кору Баткенден кырк окучууну өздөрүнүн мектебинде окутууга орун бөлүп бермей болду. Аталган фондун жана Жаштар Ассамблеясынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен таза суу боюнча бюджети беш жүз миң сомдук долбоорго катышууга мумкүнчүлүк ачылды. Андан сырткары Кара аймагында бир нече үй куруп, чек арага жакын жердеги айылдын бир мектебин компьютер менен камсыз кылып, жаңы мектеп курууга беш миң долар берилет. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. (EBM)