Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

18:21 Нарын шаарындагы медициналык окуу жайына электр энергиясы үч күндөн бери берилбей жатат


Анын себеби аталган окуу жайдын электр энергиясы үчүн карызы 130 миң сом болгон. Ал өз ара эсептешүү жолу менен чечилмек, дейт Нарын медициналык окуу жайынын директору Гүлзина Жанбоева. Учурда алар электр энергиясы үчүн Нарын облустук финансы бөлүмүнө түшкөн 84 миң сомду которушкан. Бирок энергетиктер карыз толук төлөнмөйүнчө электр энергиясын бербей жатышат. Анын айынан окуу процесси кыйындап, бул жактан билим алып жаткан 360 студент сессиясын тапшыра албай, оргтехника, ашкана иштебей калды. (JI)

XS
SM
MD
LG