Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

18:35 Жалалабатта нан саткан аялдар шаар мэриясынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү


Шаардын Жусуп Бакиев жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде нан саткан 30 аял мэриянын алдына нан салынган түртмө арабалары менен тан
саардан келишти. Алар иш орундары санитарлык-гигиеналык эрежелерге дал келбеген башка жакка которулгандыгына, алардын орду башка бирөөлөргө
берилгенине жана соодалары жүрбөгөндүгүнө нааразы болушуп, эски иш жайларын кайтарып берүүнү жана 1-иретте шаар жашоочуларын жумуш менен камсыз кылууну талап кылышты. Алардын айтымында үч күндөн бери нандары сатылбай, мээнеттери текке кетүүдө. Алар менен шаар мэринин 1-орунбасары Турдуназир Бекбоев жолугушту. Ал аялдарга жаңы иш жайлары иштөөгө ылайыктуу экендигин түшүндүрүп, “Азаттыктын" суроолоруна нан
саткандардын талабы мыйзамсыз экендигин билдирди. Шаар милициясы аялдарды турган жерлеринен бирден жетелеп чыгып, базарга кеткен жолго салып койду. (YA)

XS
SM
MD
LG