Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

20:48 АКШнын мамлекeттик катчысынын жардамчысы Американын Борбор Азия Университетинде сөз сүйлөйт


9-июнда университеттин он биринчи бүтүрүүчүлөрүн узатуу каадасы болот. Анын учурунда Ричард Баучер сөз сүйлөйт жана ага илимдин доктору наамы ыйгарылат. АКШнын дипломаты жума күнү президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Алмаз Атамбаев менен сүйлөшүүлөр өткөрдү. Президент сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанда демократиянын өр алуусуна 24-марттагы элдик ыңкылап зор түрткү бергенин белгилеп, конституциялык реформа, экономика өсүштөр тууралуу маалымат берген. Ал эми Алмаз Атамбаев конституциялык реформанын аякташы менен Кыргызстанда авторитардык мамлекетти курууга чекит коюларын айтып, Кыргызстанды “Миң жылдыктын көйгөйлөрү программасына” кошууну сунуштаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG