Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:13

Чоң Сегиздик Африка өлкөлөрүнө 60 миллиард долларлык жардам берет


ХАЙЛИГЕНДАММ. Германияда өтүп жаткан саммитте Чоң Сегиз өлкөлөрү Африкада СПИД оорусунун жана башка инфекциялык дарттардын жайылуусуна бөгөт койуу үчүн жалпы баасы 60 миллиард долларлык программаны ишке ашырууга макулдашышты. Программанын алкагында СПИД жана ВИЧ инфекциясын дарылоодо арзан препараттарды колдонууга жол ачуу, безгек оорусун теңине азайтуу сыяктуу чаралар каралат. Ошону менен бирге эле Чоң Сегиз өлкөлөрү жер шарынын ысышын пастатуу үчүн калдык газдардын көлөмүн олуттуу кыскартууга макулдашышты.

XS
SM
MD
LG