Британиянын "Гардиан" гезити кечээ күнү жазып чыкканга караганда, Улуу Британиядан Сауд Арабияга курал-жарак сатуу фактыларын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму тергей баштаганда, өлкөнүн баш прокурору Питер Голдсмит аны жашырууга буйрук берген. Куралды Британиянын "БАЕ системс" деген компаниясы саткан жана ага ортомчу болгондорго эле эки миллиард долларга жакын акча төлөнгөн. Британиялык тергөөчүлөр бул ишти иликтей баштаганда, прокурор аны 2006-жылдын декабрында токтотуп салган жана кийин ишти эл аралык уюм иликтегенде дагы ал маалыматтарды жашырган - дейт гезит. Баш прокурор Голдсмит гезиттеги маалыматты кечээ күнү жокко чыгарды.