АКШ коргоо министри Роберт Гейтс кечээ күнү билдиргенге караганда, өлкөнүн биргелешкен аскерий ордосунун башчысы генерал Питер Пейс мөөнөтү сентябрда аяктагандан кийин кызматынан кетет. Анын ордуна Гейтс адмирал Майк Малленди көрсөтүүдө, аны президент Жорж Буш дайындаш керек жана чечимди Сенат бекитүүгө тийиш. Питер Пейс бул кызматта алты жыл иштеген.