Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Антиракеталык системалар боюнча орус президенти дагы бир жаңы сунуш жасады


Алманиянын Хайлигендамм шаарында болуп өткөн дүйнөлүк саммиттин жабылышында орус президенти Владимир Путин кечээ күнү жаңы сунуш жасап, антиракеталык америкалык системанын бөлүктөрү Түркия же Ирак аймагында, же болбосо деңиз үстүндө орнотулса болот деп билдирди. 7-июнда болсо Путин андай ракетадан коргонуу системасынын алкагына Азербайжандагы радар станцисын кошсо болот деп айткан: "Эгер биздин сунуш өтсө, Чехияда радар орнотуп, Польшада антиракеталык ракеталарды жайгаштыруу кереги жок болуп чыгат", - деп билдирди Путин. НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооф Схеффер болсо кечээ күнү - Азербайжандагы станция Иранга өтө жакын жайгашкандыктан, аны пайдалануу кыйын болот деп билдирди.

XS
SM
MD
LG