Иш чара учурда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп жатат. Ага мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Р.Баучер, окуу жайдын президенти Эллен Хурвиц айым, билим жана Илим берүү министрлигинин өкүлдөрү катышууда. Ал эми дүйшөмбү, 11-июнда Ричард Баучер Кыргыз- орус славян университетинин студенттери менен жолугушат.Аталган окуу жайдын маалымат-кызматы билдиргендей, жолугушуу окуу жайдын Америка таануу борборунда болот.
АКШнын дипломаты жума күнү президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Алмаз Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда премьер-министр:
“Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, Кыргызстанда авторитардык режим болбойт”, - деп билдирген. (MSu)