Бул тууралуу “Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар” Ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмүталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кеминдин 4-5 айылында шайлоочуларга акча жана белектер таратылууда. “Депутаттыкка талапкер Эрик Арсалиевдин адамдары шайлоочулардын паспортторун чогултуп алып, бүгүн саат эки чендерде паспортторго акча салып кайра таратып беришет экен. Муну шайлоочулар өздөрү айтышты”, деди Т. Үмүталиева.
Кеминде шайлоонун экинчи айлампасы эртең, 10-июнда өтөт. Анда эки талапкер: Эрик Арсалиев жана Сейтек Чалбаев ат салышат. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбору жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгына ылайык, комиссиянын мүчөлөрү добуш берүүнүн экинчи айлампасы жөнүндө начар маалым. Байкоочулар эртеңки добуш берүүдө шайлоочулардын катышуусу активдүү болбойт деген жоромолдорун айтышууда.
27-майда Кемин аймагындагы 44 шайлоо участокторундагы шайлоодо Эрик Арсалиев 5672, Сейтек Чалбаев 2771 добушка ээ болуп, бардык талапкерлерге каршы 4834 добуш берилген.
Эртеңки шайлоонун жүрүшүнө эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, бардыгы сегизге жакын уюмдун өкүлдөрү байкоо жүргүзүшөт. (MSu)