Коомдук саясат институнда өтүп аткан бул жыйынга мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, парламент төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков, тышкы иштер министри Эднан Карабаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Алишер Салахатдинов, коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев, бир катар депутаттар, эксперттер катышууда. Жыйында “Кыргызстандын дипломатиясы” жана “Борбор Азия: келечекке жол” деген тамалар боюнча талкуулар жүруп атат. (MSu)
13:10 Бишкекте белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаковдун 70 жылдыгына арналган илимий конференция өтүүдө