Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

15:46 Бишкекте “Коррупцияга каршы” элдик кыймылынын лидери Назарбек Нышанов кармалды


Бул тууралуу Н. Нышановдун кармалышына күбө болгон “Коммунисттер” партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова билдирди. Анын айтымында, кечээ, 8-июнда кечки саат 17:00 ченде Акүйдүн маңдайында Н. Нышанов менен сүйлөшүп турганда өзүн ички иштер министрлигинин кызматкерлерибиз деп тааныштырган эки жигигит Н. Нышановдун колун бууп жеңил машине менен алып кеткен.

Буга чейин Нышанов коррупцияга баткан 154 аткаминер кызматынан бошотулсун жана жоопко тартылсын деген талаптар менен өкмөт үйүнүн маңдайында пикет уюштурган. “Эгерде 20-июнга чейин президент Бакиев өзүнүн коррупциянерлери менен Акүйдөн кетпесе, чечкиндүү кадамдарга барууга даярбыз ”, деп билдирген Н. Нышанов.

Ал эми ички иштер министрлигинин маалымат-кызматы Н. Нышанов ири суммада уурдап, жок кылууларга баргандыгы үчүн издөөгө алынгандын негизинде кармалды, деп билдирди.(MSu)

XS
SM
MD
LG