Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

ЭКОЛОГИЯБЫЗ КОРКУНУЧТА, БИРОК АНЫ САКТАП КАЛУУГА АЛИ КЕЧ ЭМЕС


Баян Жумакадыр кызы, Рита Нурмамбет кызы, Мээрим Султангазы Ыссыккөл өрөөнү Кыргызстандын аймагындагы эң соңку болуп жаралган биосфералык аймак. Ысыккөл дүйнөнүн эң ири биосферасы болуп саналат, анткени ушунчалык чоң аймакты камтыган биосфера башка эч жерде жок. Аны сактап калуу биздин парзыбыз.

Тектоникалык процесстерден, башкача айтканда, катуу жер титирөөдөн пайда болгон чоң жараканын ордунда жаралган көл аны курчап турган кеңири аймакта мээлүүн, деңиз климатынын өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөт. Жайда салкын, кышта мээлүүн, жагымдуу климат өз учурунда өрөөндүн жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүн шарттайт. Табигаттын кооздугу, көл суусунун пайдалуулугу, көлдүн айланасынан чыккан түрдүү дартка даба арашан суулары, куштардын жана сүт эмүүчү айбанаттардын көп түрдүүлүгү, карагай-арчалуу токойлор, түрдүү дары чөптөргө жана кызыл-тазыл гүлдөргө толгон жайлоолор, мунун баары акыркы 10 чакты жылдын ичинде чөлкөмдө туризмдин өнүгүшүнө алып келди. Расмий маалыматтар боюнча, былтыр көлгө бир миллиондон ашуун турист келип эс алып кетти. Ал эми Кыргызстандын Экологиялык маалымат борборунун айтымында, нормативдик эсептөөлөр боюнча Ысыккөл 250 миңдей гана эс алуучуну кабыл ала алат. Бирок, ошону менен бирге эле туризм областтын экономикасынын кирешесинин кеминде 60 пайызын түзөт. Ошон үчүн бийликтер менен элдин алдында региондун экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу менен бирге көлдүн биосферасын сактап калуу максаты турат. Бул, бири-бирине кайчы келген нерселерди канткенде тең салмакта алып жүрө алабыз? Бул суроо менен ЮНИСОН аттуу экологиялык коомдук фонддун башчысы Нурзат Абдрасуловага кайрылдык:

- Ар бир экологиялык зонада туризмди адам баласынын экологияга тийгизе турган терс таасирин эске алуу менен уюштуруу керек. Ыссыккөлдүн негизги проблемасы, менимче, туристтик инфраструктуранын начар өнүккөнү, келип жаткан туристтердин баарын нормаларга ылайык тейлөө үчүн жетиштүү шарттар түзүлбөгөн. Эс алуу жайларынын 70 процентинде таштандыларды тазалоочу жабдуулар иштебейт, же жок. Катуу таштандыларды тазалоо жана жок кылуу жакшы жолго коюулбаган. Жергиликтүү тургундар менен турист меймандар экологиялык биосферада өзүлөрүн туура алып жүрүү эрежелери менен тааныш эмес. Эс алуучу жайларда автоунаалардын көптүгүнөн аба булганыч болууда. Ысык көлдүн инфраструктурасы начар абалда. Бул жөнүндө баардык жерлерде ачык эле айтылып жатат.

КАЙБЕРЕНДЕРДИ АЁОСУЗ КЫРУУ КАЧАН ТОКТОЙТ?

Акыркы жылдарда Кыргызстандын аймагында мергенчилик кылуу туризми да дүркүрөп өнүгүүдө. Мыйзам боюнча Кыргызстанда мергенчилик кылууга атайын уруксат кагазы боюнча гана уруксат берилет. Республиканын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан берилген уруксат кагазында аталган фирмага кайсы айбанаттарга жана кайсы көлөмдө мергенчилик кылуу уруксат этиле турганы так айтылат.

Бирок, көпчүлүк фирмаларда биз сөз кылып жаткан мергенчилик "лицензиялары" бар болгону менен андай "лицензияларга" ээ болбогон фирмалардын саны да өтө көп. "Эко-Жоомарт" бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстандын Нарын областынын Аксай бийик тоолуу өрөөнүндө үстүртөн эле жүргүзүлгөн байкоо аркар-кулжанын саны кескин азайып кеткенин көрсөттү. Бир эле Нарын областында мергенчилик кылуу үчүн 40 чакты фирма каттоодон өткөн. Ушуга окшогон жагдай Ысыккөл областында дагы өкүм сүрөт. Мергенчилер күнүмдүк пайда табууну көздөп, Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды аёосуз атып жатышат.

Ысыккөлдүн сырт жайлоосу менен Нарындын Аксай, Арпасы Кыргызстандагы кайберендин мекени катары каттоого алынган. Кызыл китепке кирген бул байлыктарды көзөмөлдөөгө бир нече мекемелер укук ала бергендиктен, чарбасыздык күчөгөнүн жергиликтүү адистер далилдеп келатат. Мисалы, Кытай менен чектешкен Жетиөгүз районунун 4 жарым миң метр бийик Кайчы, Акөгүз, Тоголок деген ашууларына барганыбызда, бул жайлоолорду чет элдик фирмалар 49 жылга ижарага алганына күбө болдук. Аларды жетектеп жүргөн жергиликтүү адис каалагандай аңчылык жүрүп атканын да жашырган жок:

- Кайчынын ичи толук Москвалык “МК травелдики”. Алар лицензия алып, ижарага алган. Бир кулжаны 45 миң долларга чейин сатат.

Сарычат, Эрташ коругунун ээси Өмүрбек Курманалиев жергиликтүү мергенчилерди арзанга сатып алып, уруксаты жок коктуларга аңчылыкка чыккан фактыларга дагы чара көрүлбөй атканын кошумчаласа, ага күбө болгон “Ашар” коомунун мүчөсү, Үчкошкон деген бир эле өрөөндө 13 фирма бар экенин далилдеди:

- Он үчү бир алганда эле үчтөн алып келсин - 39болот. 39у ар бири үчтөн атса 100дөн ашып кетет. Бир жылда алар бир жолу келбейт да, алар бир айда бир жолу келет, - деди Кубан Жунушалиев.

Ал эми биосфералык аймактын илимий кызматкери улуттук байлык болгон кайберендин тукулжурап баратканын башка өлкөнүн чегине өтүп кеткени менен байланыштырды:

- Алар бир убакта аңчылык кылышып, бир тобу Кытайды көздөй, бир тобу Тажикстанга, бир тобу Казакстанга ооп кетет. Туулган жерин сагынышып кайра келишет, келсе дагы ошондой сүрөт, - деген Эраалы Барктабасов, эликтин азайганын аңчылардан эмес жырткыч жаныбардан көрөт экен:

- Сүлөөсүндү Кызыл китепке киргизип коюшуптур. Элик байкуш чер менен басып өтөт, сүрөөсүн болсо үстүндө отуруп секирип түшүп жеп коёт, деп илимпоз Эраалы Барктабасов ушундай иликтөөсүн билдирсе, биосфералык аймактын директору Эмил Каптагаев кайберен мекендеген жайыттар аңчылык чарбадан улуттук парктарга өткөрүлгөндө гана көзөмөл күчөөрүн айтты.

Ал, чет элдик мергенчилер мүйүздүн көлөмүнө жараша карыган гана кийиктерди атпаса, кийиктердин баарын кырган ошолорду коштоп барган кыргызстандыктар дейт. Анын айтуусунда бул көйгөйгө губернатор күнөөлү экен:

- Акча деген жаман нерсе бар. Ошол акчанын айынан көп губернаторлор мергенчилик кылуучу учатокторду майдалап бөлүп жиберишкен. Менин оюмча, майдаланган аңчылык участоклордун баарын жоюушубуз керек, - деген Эмил Каптагаев Жетиөгүз, Аксуу, Эңилчек сыртын бириктирүүнү сунуштады.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин коргоолчу аймактар боюнча бөлүмүнүн жетекчи орунбасары чет элдикдерге жылына 70 баш кулжа атууга уруксат берилгенин баяндап, ага каршы экенин айтты:

- Бүгүн 70 баш кулжаны атпастан бардыгына толук тыюу салууга толук мүмкүңчүлүк бар.

Республикалык деңгээлдеги адис Алымжан Бектемировдун ырастоосунда он жылдан бери биз чет элдиктерге кийик аттырып келатыппыз. Ал эми биосфералык дирекциянын адиси Данияр Бейшенбаевдин маалыматы боюнча учурда 7 миң баш кулжа, миңден ашык теке бар экен. Аны көбөйтүү үчүн текшерүүчү болуп жүргөн алтыдай мекеменин укугун жоюп, бир эле мамлекеттик көзөмөл тобун түзүү боюнча өкмөткө иш-чара даярдалып атат.

Минтип олтурса, аркар-кулжа Кыргызстанда таптакыр жок болуп кетиши толук ыктымал. Эсиңиздерге сала кетели. Дээрлик баардык климаттык алкактары бар Кыргызстандын аймагын сүт эмүүчү айбанаттардын 80ден ашык түрү, канаттуулардын 330 түрү байырлайт. Тоолорунда аркар, кулжа, аюу, кашкулак, кызыл бөрү, кызыл түлкү, сүлөөсүн менен илбирс жолугат.
Кыргызстандын биосферасынын көп түрдүүлүгүн сактап калуу үчүн эмне кылуу керек? Эколог Нурзат Абдрасулова мындай дейт:

- Биринчиден, муну өкмөт катуу көзөмөлгө алуусу керек. Экинчиден, жергиликтүү элдин арасында агартуу жана тарбиялоо иштери жакшы жолго коюулушу абзел. Адамдар табигаттын кайталангыс кооздугу жана жан-жаныбарлар дүйнөсүнүн бай болуп кала бериши алардын өздөрүнүн кызыкчылыгында экенин түшүнүүсү абзел. Табигатты сактап калуу менен алар эртеңки күнү жечү нанын, балдарынын жашоосунун камын көрүп жатышканын аңдоолору керек. Ошон үчүн Ысыккөл сыяктуу корукка алынган аймактарда туруктуу туризмди жана экологиялык туризмди өнүнүктүргөн оң. Туруктуу туризм бул экологияны сактап калуу менен бирге туризмди өнүктүрүп, социалдык жана экономикалык жалпы өнүгүүгө салым кошууну камтыйт. Массалык туризмден айырмаланып, экологиялык туризм айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылганды түшүндүрөт. Эл Ысыккөлгө айбанаттарды атуу, сейрек өсүмдүктөрдү терип кетүү үчүн эмес, адам баласынын колу тийе элек табыгатты көрүп, көз жоосун алган сулуулукка черин жазып кетүү үчүн келүүсү керек. Ошондо гана биз табыгатты келечек муундар үчүн сактап кала алабыз.

ТОКОЙЛОР КЫЙЫЛЫП, ТОО-ТАШЫБЫЗ БУЛГАНЫП, МӨҢГҮЛӨРҮБҮЗ ЭРИП БАРАТАТ

Кыргызстанда жайдын толугунда пас өрөөндөн ак кар, көк муз баскан тоо чокуларына көтөрүлсөңүз бир эле күндүн ичинде какыраган чөл менен түбөлүк тоңго чейинки баардык климаттык алкактарды басып өтөсүз. Токойлор Кыргызстандын жалпы эсеп менен 350 миң гектар жерин ээлейт. Эс алуучулардын көбөйүшү токойлор үчүн да бир кыйла экологиялык проблемаларды жаратып жатат. Токойлорду сактап калуу үчүн Ысыккөлдө аларды кыйууга мораторий жарыяланган. Анткен менен бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган учурлар басылган жок.

Кыргызстанда токойлор тоолу болуп саналат. Республиканын жалпы аянты 3млн. 267миң гектар болсо, анын 864миң гектарын токойлор ээлейт. Буга чейин ар 10 жыл сайын пландык түрдө токойлор кыйылып, инвентаризация жүрүп турган. Акыркы жылдары Кыргызстанда токойлор суюлуп кеткендигине байланыштуу токойду кыюуга тыюу салынган. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Самаган Маматовдун айтымында, учурда токойлорду тазалап турууга гана уруксат:

- Ошол кыюуларды 2006-жылдын аягында, 2007-жылдын башында биз бардыгына тыюу салып, азыр гана аз-аздан тазалап турууга гана уруксат берип атабыз. Эгерде мурун бизде жылына 25 миңден жогору жыгач даярдалып келсе, азыр эми жылына алардын саны 6 миңге да жетпейт. Ошонун ичинде Ысыккөлдө дагы. 1930-жылдары согуш мезгилинде токойлордун аянты 2 пайызга чейин түшүп кеткен. Ошондо 1947-жылы Совет министрдин атынан Кыргызстанда токойлорду сактап калуу үчүн министрлик иштеп баштаган. Ошондон бери жыл сайын биз 3 миң гектардан кем эмес жерге көчөт отургузабыз. Ушинтип азыр токойлордун аянтын көбөйтүп жатабыз.

Республика боюнча өзгөчө коргоого жаңгак жана арча токойлору алынган. Мныдай токойлорду кыюуга мораторий жарыяланганы менен дарактарды мыйзамсыз кыйган учурдар токтоп калган жок, дейт Мамлекеттик экологияны көзомөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Нурузбаев:

- Президенттин жарлыгы менен жаңгак токойлорун кыюуга мораторий жарыяланган. Бирок, жаңгак жана арча токойлорду мыйзамсыз кыйган учурлар дагы эле кездешип жатат. Мораторий жарыялангандан кийин албетте мыйзамсыз кыйгандардын саны азайды, бирок биротоло токтоп калган жок.

Дүйнө жүзүндө аба ырайынын жылышы экологияга орчундуу кесепеттерди алып келээрин дүйнө окумуштуулары байма-бай айтып келатышат. Жаратылышта болуп жаткан мындай өзгөрүүлөр токойлорго терс таасирин тийгизбеши үчүн кандай чаралар көрүлүшү керектиги тууралуу Самаган Маматов буларды айтты:

- Күңсүгөн бууну, ири ишканалар чыгарган таштандыларды азайтышыбыз керек. Ошол эле Ысыккөлдүн эс алуучу жайларында булганыч сууларды тазалоочу жайларды орнотушубуз керек. Антпесе анын кесепеттери Ысыккөл аймагынын эколгоиясына чоң залакаларын тийгизет.

Токойлор жалпы экологиянын тең салмактуулгун сактап турууга чоң өбөлгө түзөт. Алып карасак, токойлордун Ысыккөлгө тийгизген таасири зор. Самаган Маматовдун белгилешинче, эгерде көл жээгинде токойлор азайып кетсе, бул түздөн-түз Ысыккөлдүн кирдешине алып келет:

- Эң биринчи зыяны–суулар кармалбай, жердин бузулушу башталат. Жер бузулса бардыгына таасирин тийгизет. Эгерде токойлор суюлуп, же кырылып калса чаңдын бары мөңгүлөргө барып түшөт. Бара- бара алар эрип, Көлүбүздүн кирдешине алып келет.

Ысыккөл областы боюнча он чакты корук бар. Ал эми өзгөчө коргоого алынган өсүмдүктөрдүн катарына дарылык касиети бар алтын тамыр өсүмдүгү кирет.

Ысыккөл гана эмес эмес, республика боюнча токойлорго жана коруктарга токой чарбасы көзөмөл салып турат. Бирок, мамлекет тараптан токой чарбаларына жетишээрлик каржат бөлүнбөгөндүктөн, алар өзүн-өзүн камсыздоого өтүп калды. Айрым адистердин баамында, дал ушул каржы маселесинен улам токойлордун аянтын кеңейтүү ойдогудай деңгээлге жетпей жатат.

Ысыккөлдөгү токойлордун абалы мына ушундай.
Экологиялык система бири-бири менен тыгыз байланышта турган элементтерден тураары маалым. Өсүмдүктөрдүн же айбанаттардын бир эле түрүнүн жок болуп кетиши, алар менен байланышта турган башка түрлөрдүн жок болуп же тескерсинче, кескин көбөйүп кетишине алып келет, башкача айтканда, туташ реакцияны жаратат. Ошон үчүн экологдор чарбачылык кылуу тармагындагы ар бир аракет, завод же электростанция куруу, кен казуу же жол салуу болобу, долбоорлордун көз караандысыз экологдордун экспертизасынан өтүүсү керек экенин айтышат.

- Акыркы жылдарда бийликтердин экологдор менен кызматташуусу жакшырды. Биринчиден бул Кыргызстан бир катар эл аралык келишимдерге кол коюуп, аны аткарууга милдеттенгени менен түшүндүрүлөт. Экинчиден Дүйнөлүк банк менен Азиянын Өнүгүү Банкы сыяктуу эл аралык уюмдардын долборлорунун баарында көз караанды эмес экологдордун адистик баасын алуу каралган. Бул да өкмөттүн биз менен кызматташуусуна өбөлгө түзөт. Бирок маселе жакшы даярдыгы бар экологдор, көз караандысыз адистердин арасында да, өкмөттүк органдарда да жетишпейт. Биз бул кемчиликти жоюушубуз керек,- дейт Нурзат Абдрасулова.

Мындай практика батыш өлкөлөрүндө кеңири колдонулат. Алар буга көптөгөн каталарды кетирип, табигатка өлчөөсүз зыян келтиргенин аңдаган соң гана келип, өзүлөрү кетирген чоң каталарды жоюууга аракеттеништи. Биз али колубузда болгон байлыгыбызды жоготуп коё элекпиз. Бирок, ошонун чегинде турабыз, эгерде азыртан чара көрбөсөк, кийин кеч болуп калышы ыктмал, дейт эколог.

XS
SM
MD
LG