Зайнидин Теңиртоонун койнундагы Кочкордун Каракүңгөй айылында жарык дүйнөгө келген. Ал беш жашынан баштап комуз кармап, 55-жылдан бери кыл тырмап күү сүйүүчүлөрдүн кыялдарынын кылдарын кытыгылаган ар кандай маңыздагы күүлөрдү чертип, рахат тартуулап келүүдө.
Зайнидин комузда болгон баардык жанрдагы күүлөрдү чертет. Алсак ал жеңил кайрыктардагы көңүл кушуна айланган обон күүлөрдөн тартып, жалаң гана карандай кайрыктары менен айтуучу ойду, берейин деген идеяны баяндаган залкар, колду түркүн түрдө, ар кандай абалда ойнотуп, араларына ыр, кара сөз кошуп черткен айтым күүлөрдү ийине жеткире черткен көрүнүктүү комузчу-аткаруучу. Бир эле мезгилде Иманалиев 1966-жылдан бери жүздөгөн угуучулардын жан шеригине айланган өскөн жери, өнгөн эли, улан-кыздардын карыбаган-арыбаган махабаты жөнүндөгү ондогон обондорду чыгарган таланттуу обончу.
Зайнидин өзү теңдүү шайырлардан айырмаланып филармония, театрда иштебестен бүтүндөй күлгүндөй өмүрүн, бүтүндөй чыгармачылыгын өзү туулган, агарып-көгөргөн аймактын, ачык айтканда айыл маданиятын көтөрүүгө, айылдык ырга ынак, күү жандуу жаштардын шыктарын өстүрүүгө, өркүндөтүүгө, устаттык кесипке арнап келүүдө. Алсак, ал алтымыш жаштын аралыгында ондогон шыктуу жаштарды тарбиялап, уядан учуруп, күү, ыр дүйнөсүнөн бактыларын ачты. Азыр да ал устаттык кесибин улап келүүдө.
- Зайнидин мырза Токтогул, Карамолдо, Ниязаалы баштаган залкар комузчулардын күүлөрүн чертип жүрөсүң. Эмне үчүн кыргызда болгон аттуу-баштуу комузчулар бир тең, залкар комузчу Ыбырай Туманов өзүң үчүн бир тең? Угуучулар сени Ыбырайдын уулу дешет. Өзүң болсоң Ыбырайды атам дейсиң. Элдин, өзүңдүн Ыбырайды атам дешиңдин деги сыры эмнеде?
- Ыбырай Тумановдун тирүү кезинде мен бойго жеткен жигит элем. Беш жашымдан комуз кармап көп күүлөрдү чертчүмүн. Качан гана Ыбырай атамдын күүлөрүн грампластинкадан (желим табактан) үйрөнө баштаганда комузду чертүүдөгү ыкмаларынын татаалдыгын, өзгөчөлүктөрүн сездим. Ошондон кийин эмне күү чертсем да Ыбыкемдин ыкмасы менен чертип калдым. Ачык айтканда Туманов өзүнчө бир мектеп болуп калды. Менин бүгүнкүдөй белгилүү комузчу болушума Ыбыкемдин чертүү ыкмасы бирден-бир себепчи болду. Ошондон улам мен Ыбыкемдин баласымын деймин. Азыр менде он бала, андан мурда да көп балдарды комузга үйрөттүм. Бүгүнкү менден комуз үйрөнүп жүргөн балдардын баары Ыбырайдын небирлери.
- Ыбыкемдин башка комузчулардан айырмаланган кандай өзгөчөлүктөрү бар? Ошону айтып өзүң бүтүндөй жан дүйнөң менен кумарланып чертип жүргөн бир күүсүн чертип берсең?
- Ыбырайда эч бир комузчуда болбогон жана окшобогон өзгөчөлүк бар. Алсак бир эле кайрыкты булбулдай сайрайт. Кээ бир эле кайрыкты сол колдун манжалары менен оң колсуз сыдырата басып чертет. Кээде комуздун белинен келе турган кайрыкты тээ комуздун алкымында сайратат. Ыбыкемдин дагы бир өзгөчөлүгү үч кылдын катышуусу менен чертилген күүлөрдү чыгаргандыгында. Ал эми башка комузчулар анда-санда гана кезигет. Ал эми Ыбырай бир гана сөөмөйдү басыш үчүн дагы бир эки жолу басып комуздун моюнан басат. Биз комузчулар шыдыр басабыз. Бир эле жерди басыш үчүн эки-үч жерди имерип келип басат. Маселен “Кеңеш” деген күүсүнүн бир эле кайрыгында абдан ачык байкалат. Айтылуу акын Осмонкул Бөлөбаев өз кезегинде:
Тумандын уулу Ыбырай,
Далай комузчуга сынтаккан
“Жаш тилекке” келгенде,
Тегирмендей чоң колду,
Тепкенин жогору жагынан
Тегерете чуркаткан
Мындай күүнү ким тапкан, - деп өзүнүн баасын берген экен. Менимче Ыбырайдай комузчу бир кылымда гана жаралып, бир гана келет экен. Ыбырайдагы өзгөчөлүк мен билген комузчулар өздөрүнүн гана армандарын айтып күүгө салышса, Ыбыкем коом менен бирге жашап, эл куураса кошо куурап, эл үрксө кошо үркүп, эл кубанса кошо кубанып, жаңы заман келсе “Кеңешин” жаштар билим ала баштаганда “Жаш тилегин”, Кытай менен достошкондо “Эки досун”, согушту жеңсек “Жеңишин”, малчылар жайлоого көчкөндө “Жашыл жайлоо мал семизин”, калкыбыз куунап турганда “Жыргал күн” аттуу күүлөрдү чыгарган эле. Бир сөз менен айтканда Ыбырай коом менен төрөлүп, коом менен жашап өттү. Бирок, Ыбыкемдин эмгеги эл күткөндөй бааланбай келүүдө. Мындай залкар комузчуну маданият министрлиги, көлдүктөр эскерип турса жакшы болоор эле.
- Зайнидин мырза алгачкы жолу обон чыгарып калышыңа чертип жүргөн күүлөрүңдүн таасири тийдиби, же кандайдыр бир нерсе себепкер болду беле?
- 1966-жылы Советтик армиянын катарында жүрүп эл, жеримди, курбу-курдаштарымды сагынып “Жайлоодо” аттуу алгачкы обонумду чыгардым. Кийин “Накинай”, “Көл кызы”, “Биздин кыздар” ж.б. ондогон обондорду жараттым. Аларды жаш ырчылар, аттуу-баштуу шайырлар ырдап жүрүшөт.
- Зайнидин, өмүр бою айылда жашап келатасың. Азыркы тапта эмне иш менен алектенип жүрөсүң?
- Азыркы тапта чакырса чет мамлекетке барып келебиз. Май айында гастролдо болдук. Жыл сайын Европа өлкөлөрүндө болобуз. “Теңир тоо” аттуу фольклордук ансамблибиз бар. Аны Н.Нышанов жетектейт. Бүгүнкү күндө Агахан корунун каражаты менен он балага комуз үйрөтөм. Ачык айтсам Агаханга чоң ырахмат. Кыргызыдын улуттук салттуу музыкасын өлтүрбөй, өчүрбөй жаштарга үйрөтүү үчүн камкордук көргөнү өтө чоң иш деп эсептейм. “Устат шакирт” борборунда С.Токтакунова, Н.Уралиев, Н.Нышанов, Н.Абдракманов иштейт. Биздин жогорку жактагы жетекчилер өнөрүбүз такыр карабай калды. Өздүк көркөм чыгармачылыгы такыр каралбай калды. Маселен мен Кочкор районун айта турган болсом илгерки клубдардын тантыракайы чыгып калды. Илгери “Шаттык” ыр-бий ансамблин уюштуруп Нарын облусуна, Кыргызстанга таанылбастан чет өлкөлүк угуучуларга таанылган элек. Эми болсо “Шаттык” ыр-бий ансамблинин катышуучулары чилге тарап өзүнөн өзү жок болду. Бир сөз менен айтканда жеке эле Кочкор району эмес, республикада өздүк көркөм чыгармачылыгынын дайындары чыкпай күндөн күнгө жок болууда.
Ачык айтып, ак дилден маектешкениңе чын жүрөктөн ырахмат. Кутман курагың кут болсун! Ар дайым ансманыбыз ачык болсун.