Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

17:24 Данияр Нарынбаев: Соттун чечими чыкмайын, кимдир бирөөнү күнөлүү деп айыптоого болбойт


Көз карандысыз юрист Данияр Нарынбаев бүгүн “Азаттыкка” билдиргендей “Коррупцияга каршы” элдик кыймылынын лидери Назарбек Нышановдун коррупцияга тиешеси бар деп жазып чыккан тизмеси мыйзамсыз. Анын айтымында, ошол тизмедеги ар бир адам Назарбек Нышановду сотку берип, сот ишин жеңип алууга толук мүмкүнчүлүгү бар. “Нышанов бул тизмени коомчулукка жарыялардан мурун, аны укук коргоо органдарына тапшырып, иликтөө жүргүзсө болмок” деп кошумчалады Данияр Нарынбаев. “Биздин Баш мыйзамда жазылгандай соттун чечими чыкмайын, эч кимдин башка бирөөнү күнөлүү деп айыптаганга укугу жок. Жарандар жалган сөздөр айтылып жатат деп, сотко берип, моралдык зыян үчүн акча өндүрүп алганга толук мүмкүнчүлүгү бар”, деди көз карандысыз юрист Данияр Нарынбаев. (ZMa)

XS
SM
MD
LG