Ирандын жана АКШнын кош жараны, тынчтык активисти Али Шакеринин кармалганын өлкөнүн тышкы иштер министрлиги жарыялады. Буга чейин кош жарандыгы бар эки окумуштуу тыңчылар деп кармалган бойдон түрмөдө отурушат. Ал эми кош жарандуу Фарда радиосунун кабарчысы Парназ Азимага "революцияга каршы" аракеттери үчүн күнөө коюлуп, бирок күрөөгө бошотулган. АКШнын мамлекеттик департаменти бул кинелерди "негизсиз" деп четке каккан.