Аталган округда кечээ парламенттеги бош орун үчүн шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, бүгүн таңкы саат бешке карай округдук шайлоо комиссиясы алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, талапкер Эрик Арсалиев атаандашы Сейтек Чалбаевден эки жарым миңдей добуш менен алдыга чыкты. Бул шайлоого байкоо салган жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоонун жүрүшү боюнча бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшмөкчү.(SM)