Президент Нурсултан Назарбаев Каспий деңизи менен Кара деңиздин ортосунда канал куруп, Борбор Азиянын дүйнөлүк базар менен соодасын жеңилдетүүнү сунуш кылды. Назарбаев бул тууралуу Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда айтты. “Бул канал курулуп калса азыркы Волга-Дон каналы аркылуу товар ташуу жолу 1000 чакырымга кыскармак”, - деп билдирди казак лидери.