ЖАЛАЛАБАТ. Конференцияны облустагы экономика-ишкердик университети менен Түркиянын Сакария жана Селчук университеттери уюштурган. Ага облус менен Түркиянын 200гө жакын окумуштуулары катышууда. Илимий жыйындын катышуучуларын Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман айым менен губернатор Искендер Айдаралиев куттуктады. Серпил Алпман губернатор менен жолугушканда селден жабыр тарткандарга цемент (күлбото), ун жагынан жардам берилерин, облус токой байлыктарын сактоо боюнча долбоорун берсе, аны да колдоорун билдирди. И.Айдаралиевдин айтымында, өлкөдөгү түркиялык 400дөн ашык фирма жылына 350 миллион долларлык товар жүгүртөт. Кыргызстандагы 15 түрк окуу жайларында 6000дей бала окуйт.(YA)
18:00 Жалалабатта түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусу жаатында эл аралык илимий жыйын башталды