Казакстанда, президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, өлкөнүн Австриядагы мурдагы элчиси Рахат Алиевге жаңы айыптар коюлушу мүмкүн. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Багдат Кожахметовдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, жаңы фактылар мурда козгологон кылмыш иши боюнча иликтөөлөрдүн жүрүшүндө табылды. Рахат Алиев мекенинде адам уурдоого катышы бардыгы үчүн күнөөлөнүүдө. Ал эми Австрияда, казак бийликтеринин ырастоосунда, Алиев арам акчаны адалдаганы үчүн айыпталууда. Казакстан учурда аны Австриядан өткөрүп алууга аракеттенип жатат.