Шайлоонун кечээги биринчи айлампасынын жыйынтыгы өлкөнүн жаңы президенти Николя Саркозинин партиясы Улуттук кеңештеги 577 орундун кеминде 383 аларын көргөзүүдө. Шайлоонун экинчи айлампасы 17-июнда болот. Кечээги добуш берүүгө шайлоого укуктуулардын 60%дайы гана катышты.