Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ооган президенти өмүрүнө кол салуу аракетинен улам иш-пландарын өзгөртпөйт


Ооган президенти Хамид Карзай кечээ анын өмүрүнө кол салуу аракетинен соң өлкөнү кыдыруу боюнча пландарын өзгөртүүгө же коопсуздук чараларын күчөтүүгө ниеттүү эмес. Бул тууралуу бүгүн президенттин өкүлү билдирди. Хамид Карзай кечээ Газни деген провинцияда митингде сүйлөп жаткан кезде, жыйын өтүп жаткан жерди көздөй бир нече ракета атылып, бирок алар башка жакка түшкөн эле. Бул үчүн жоопкерчиликти талибдер алды. Ал эми өлкөнүн чыгышындагы Хост провинциясында бүгүн жанкечти полиция бекетинде жасаган жардыруудан үч полицей жаракат алды.

XS
SM
MD
LG