Кечээки талкууда бул ГЭСтердин техникалык экономикалык негиздемесин Кыргызстан өзү түзүш керектиги жана Камбарата ГЭСтери боюнча жаңы мыйзам жазылса туура болмоктугу тууралуу сунуштар айтылды. «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун парламент эки жума мурда карап баштаган. Анда Камбарата ГЭСтеринен өзгөчө макамды алып салуу каралган. Эгер бул долбоор кабыл алынса аталган ГЭСтерди куруу үчүн Орусия, Казакстан жана Кыргызстан ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө жол ачылмакчы. Депутаттардын көпчүлүгү бул маселеде Камбарата ГЭСтеринин көзөмөл пакет акциясы Кыргызстанда болуп, ал 51 пайыздан кем болбошу керектигин талап кылышууда.(SM)