Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

ООГАНСТАНДА ДАЛЕ КАТ САБАТЫ ЖОЮЛБАГАН МУУН ӨСҮП ЖАТАТ


Айгүл Жунушалиева, Прага ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Ооганстандагы экономикалык кризис мектеп окуучуларынын үчтөн бирин иштөөгө мажбур кылууда. Мунун айынан балдардын көпчүлүгү окуусун таштаган. Адам укугу боюнча көз карандысыз комиссия Ооганстанда кат сабаты жоюлбаган жаңы муун өсүп жатканын билдирет.

Хазиб 12 жаштагы оогандык бала. Ал Кабулдагы велосипеддерди оңдогон жайда иштейт жана соода сатыктын сырларын үйрөнүп атканына абдан кубанат. Анткени келечекте соодагер болсом деп кыялданат. Бирок, бул бала окуганды да жазганды да билбейт, анткени 9 жашынан тарта эле иштеп, окууга убактысы болгон эмес.

Мен 12 жаштамын жана бул жерде акыркы 3 жылдан бери иштеп жатам. Велосипеддерди кантип оңдоо керектигин мен жакышалап үйрөнүп алышым керек. Башында колдорум кесилип, канап, жаман болгон эле, иштин чоо жайын билип алгандан кийин кыйналбай калдым.

Оганстанда иштеген балдардын баары эле мектепке барып окугусу келет. Хазиб да келечекте мектеп партасына отураарына ишенет.

Рошан Хадийи – ЮНИСЕФтин Ооганстандагы өкүлү. Анын айтымында балдар эмгеги бул өлкөдө өтө жайылган жана аны жеңиш үчүн экономиканы оңдоо керек:

Ооганстан мектеп жашындагы балдардын саны боюнча дүйнөдө он экинчи орунда турат. Бирок, андай болгону менен өлкөнүн бир топ аймактарында окубай калган балдар арбын. Алар мектепке баргандын ордуна үйбүлөсүнө жардам бериш үчүн жумушка барууга мажбур. Ошентип, экономикалык проблемаларга байланыштуу алар окуусун таштап жатышат.

ЮНИСЕФ уюму балдарды окууга тартуу үчүн аракеттерди жасоодо. Алар тууралуу Рошан Хадийи буларды айтат:

- Дагы эле мектепке барбаган балдар көп. Айрымдардын такыр эле кат сабаты жоюлган эмес. Эми биз алардын башын бириктирип окуганды, жазганды үйрөтүүдөбүз. Алар ошону менен бирге тигил же бул өнөрдү да өздөштүрүп жатышат. Алабетте пробеламалар бир топ, бирок жылыштар да жок эмес. Балдардын көбү билим алсак деп эле турушат, бирок үйлөрүндө каражаттын жоктугунан баш оту менен окууга кире алышпайт.Анткени иштөөлөрү да керек.

Ал эми адам укугу боюнча көз карандысыз комиссиянын билдирүүсүндө балдардын көбү транспорт каражаттарын оңдоо сыяктуу эң оор жумуштарды аткарышат ал эми башкалары баңги заттар менен соода сатыкка аралашкан.

13төгү Уходилла чайнек-чакаларды чыгарган дүкөндө иштейт. Мектепке барганга эптеп убакыт табууга аракеттенет.

- Айлыгым 1000 афгани. Дүкөнгө таң эрте келем да саат 9 дарга чейин иштейм , анан мектепке жөнөмөй. Сабактар бүткөндөн кийин кайра жумушума келем. Мен атамдын ордуна иштеп атам, анткени ал оору. Мурда биз менен агам жашачу жана бизге жардам берер эле, эми ал көчүп кетти. Менин үйбүлөмдө 11адам.

Ооганстандагы ата-эненин көбү балдарым билим алса дегенде ак эткенден так этет. Бирок, баары аягы келип каражаттын жетишпегендигине такалууда, ошентип алар балдарын иштетүүгө мажбур. Мындай көрүнүш көбүнесе алыскы аймактарда орун алган.

Амануллах иштеген балдардын бири. Он жаштагы бул бала бакандай болгон бир үйбүлөнү багып келет.

Бир күндө 50 афгани табам. Мен үйдө улуусумун, менден тышкары дагы 5 иним бар. Атам иштесем дейт, бирок аны картаңсың деп ишке алышпайт.

Аманнулахтын инилери мектепке барууну кыялданышат, бирок азырынча ал кыял эле бойдон калууда, анткени балдар бөтөлкө сатып акча табуу менен күн өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG