Жаш ишкерлер Ассоциясынын төрагасы Алмаз Бейшеналиевдин айтымында ишкерлер Бээжинге бизнес чөйрөсүн иликтөө максатында барышат. Буга дейре аталган Бирикмеден ишкерлер Германия, Голландия жана Белгияга барып, ал өлкөлөрдүн бизнес шарттарын карап, Кыргызстанга кандай инвестиция тартып келүүгө болот иликтеп келишкен. Мындай жумушчу сапарлары Жаш ишкерлер Ассоциясы тарабынан эки айда бир уюштурулуп турат. Бээжинге болгон иш сапар ушул айдын этегине белгиленүүдө. (ElenK)