Бул тууралуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов бүгүн билдирди. Анын айтымында, учурда ал ишке тиешеси бар “Кыргызалтындын” кызматкерлери суракка алынууда. Бирок тергөөнүн сырларына байланыштуу көп нерсени ачык айта албайбыз, деп белгиледи Учкун Каримов. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча, Камеко которгон 11 миллион долларды “Кыргызалтын” 2004-жылы июнь айында африкалык ЭККЕРТ аттуу фирмага которуп жиберген жана ал акча ошол бойдон дайынсыз жоголгон. (AiT)
14:34 «Кыргызалтындан» которулуп жоголгон 11 миллион доллар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө