Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:53

15:13 Жогорку Кеңештин делегациясы Казакстанга жасаган сапары учурунда бир катар орчундуу маселелер талкууланды


Алардын арасында чек ара боюнча келишим, эмгек миграциясы, казак инвестициясы жана төрт пансионаттын тагдырына байланыштуу маселелер болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Төраганын билдирүүсүнө караганда, Талас, Чүй облусунун аймагындагы талаш участоктор боюнча эки өлкөнүн парламентарийлери жумушчу топ түзүп, маселени иликтөөнү чечишти. Казак тарап ошондой эле Ысыккөлдөгү төрт пансионатты өткөрүп берүү маселесин көтөрүп, бирок пансионаттар турган жерге кожоюндук кылууга умтулуп жатышпаганын ачыктаган. Төрага Марат Султанов баштаган парламенттик делегация өткөн жумада Астанада иш сапар менен болуп келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG