Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

18:20 Баткендиктер жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерине нааразы


БАТКЕН. Бул тууралу “Азаттыкка” 12-июнь күнү Баткен облустук акимчилигине маалымдашты. 50гө чукул аксайлыктар биринчи кезекте жыл башында катталган жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жана башка жардамдар туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүн, адилеттүү мониторинг жүргүзүлбөй көпчүлүк үйбүлөлөр тизмеге кирбей калганын билдиришти. Нааразы болгондор менен губернатордун орунбасары Акжол Мадалиев, Баткен районунун акими Дастан Ходжаевдер жолугушуп, аксайлыктарга кырсыкты изилдөө иштерин жүргүзгөн комиссия үч жолу барганын айтышты. Ошондой эле облус губернаторунун орунбасары бул маселелер айыл өкмөт жана айыл башчыларынын жакшы иштебегендигинен келип чыгууда деп белгиледи. (SA)

XS
SM
MD
LG