Өз ара атаандаш ФАТХ жана ХАМАС кыймылдарынын куралдуу жактоочуларынын Газа шаарынынын көчөлөрүндөгү урушу өкмөттүн кулашына алып келеби деген коркунучтарды жаратууда. Кечээтен берки кагылыштардан эле кеминде 17 киши каза тапты. Атышуулар атүгүл ооруканалардын ичинде орун алып, палестин президенти, ФАТХтын лидери Махмуд Аббастын кеңсеси, премьер- министр, ХАМАСтын өкүлү Исмаил Ханиянын үйү аткыланган. ХАМАСтын согушкерлери бүгүн ФАТХ кыймылынын Газадагы кеңселеринин бирине чабуул жасаганы маалымдалды. Эки кыймыл 2006-жылкы шайлоодон бери бийлик талашууда. Тараптар ымалага келүү үчүн мындан үч ай мурда улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө жетишкен эле. Бул жолку уруш коопсуздук күчтөрүн ким көзөмөлдөрүнө байланыштуу чыккан талаштан улам тутанды. ФАТХтын жарыясына караганда, уюмдун жетекчилиги азыр ХАМАС менен коалицияны сактоо же сактабоо маселесин талкуулоодо.