Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Ооганстанда жыйырмадан ашуун согушкер жок кылынды, АКШ аскерлери полицейлерди атып алды


Ооганстанда коалициялык аскерлер жана ооган полициясы өлкөнүн түштүгүндө Талибандын 20дан ашуун согушкерин жок кылды. Уруш Кандагар провинциясынын аймагында болуп, ага учактар да тартылган. Бул тууралуу бүгүн АКШ армиясы билдирди. Ал эми өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясында америкалык аскерлер менен ооган полицейлери ортосунда жаңылыш жагдайда орун алган атышууда жети полицей каза таап, дагы төртөөсү жарадар болгон. Эки тараптын расмий өкүлдөрү бул окуяны "трагедиялуу ката" деп мүнөздөштү. Ал эми эл аралык Кызыл Чырым уюму бүгүн тараткан билдирүүсүндө Ооганстандагы гуманитардык кырдаал бир жыл мурдагыдан начар экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG