Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов кыргыз парламентарийлеринин Астанага жасаган иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу кечээки маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, казак сенатынын төрагасы Касымжоомарт Токаев эки өлкө чегиндеги талаштуу аймактар боюнча парламентарийлердин ортосунда биргелешкен топ түзүп, маселени иликтөөнү сунуштаган. Жогорку Кеңештин эл аралык саясат боюнча комитети Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимди ратификациялоого байланышкан маселени ушул жумада карашы күтүлүүдө. Парламент бул маселеге былтыр июнь айында кайрылып, бирок айрым талаштуу жагдайлардан улам артка жылдырган. (SM)
7:09 Казак сенатынын төрагасы кыргыз-казак чегиндеги талаштуу маселени биргелешип иликтөөнү сунуш кылды