Депутат Камчыбек Ташиев жетектеген отун, энергетика жана суу ресурстары боюнча комитет бүгүн түштөн кийин жыйын курат. Анда Камбарата ГЭСтерин курууга байланыштуу депутаттардан түшкөн сунуштар каралат. Бүгүнкү тактоодон кийин мыйзам долбоору бейшемби күнү парламентке добуш берүүгө коюлат. (AiT)