Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

ОРУСИЯ: ЖАШТАР САЯСАТЫ ЖАНА АНЫН ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ


Чолпон Аркабаева, Москва Советтер Союзу таркагандан кийин, пионер, комсомол сыяктуу жаштарды белгилүү бир багытта тарбиялаган кыймылдардын ишмердүүлүгү токтоп калды. Бүгүнкү постсоветтик жаштар пионер жана комсомолдун ордун алмаштыра алчу башка нерселерди, балуулуктарды издешүүдө. Мына ушундай баалуулуктардын бири катары улам түзүлө калып жаткан түрдүү саясий бирикмелер менен партияларга орус жаштарынын басымдуу бөлүгү ишене бербейт. Бирок, ушул жылдын этегинде өтчү парламенттик, келерки жылы боло турган президенттик шайлоонун алдынан Кремль өзүнүн жаштар саясатында олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизгени жатканы да айтылып келет.

Орусияда жаштардын жарымысы Кремлдин жаштар саясатына такыр кызыкпайт. Бул - Орус Илимдер Академиясынын Социология институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы. Адистер аталган көрүнүштү бүгүнкү жаштардын прагматикалык көз-караш менен жашап жатышканы менен түшүндүрүшөт. Алардын ою боюнча, жаштар алдын ала эле өз өлкөсүнүн саясатына “толук катыша албайм” деп эсептешкендиктен, түрдүү саясий кыймылдардын ишинин ийгилигине да ишенишпейт.

Павел Данилин, «Жаңы жаштар саясаты» деген китептин автору жана «www.kreml.org» сайтынын редактору. Анын ою боюнча, жаштар саясаттын негизги катышуучусу эмес, болгону гана анын куралы.

- Орусияда жаштар эч качан жаштар саясатын калыптандыруучусу же анын түзүүчүсү болушкан эмес. Алар болгону курал. Жаштарды саясатка чындап катыштыруу үчүн болуп көрбөгөндөй көп аракеттерди жасашыбыз зарыл. Мисалы, өлкөгө жаштар ыңклап менен жарандар согушу учурунда гана керек. Орусияда азырынча буга эч кандай шарт жок,- деп айтты Павел Данилин.

Азыркы учурда Орусияда 50гө жакын жаштардын саясий уюмдары бар. Алардын ичинен “Бирдиктүү Орусия” саясий партиясынын “Жаш гвардиясы”, «Наши», «Россия Молодая», «Гражданская смена» сыяктуу 16 кыймыл гана активдүү иштеп келатат. Ал эми Орусия Илимдер Академиясынын Социология институтунан билдиришкендей, Орусиянын жаштарынын 31 %ы гана жаштардын саясий уюмдарынын бар экенинен кабардар.

Мария Косыгина 24 жашта. Ал учактын коштоочусу болуп иштейт. Анын ою боюнча, жаштар саясатка жигердүү катышканга аракеттенип жатышат. Бирок, бийлик буга көңүл бурбай келет.

- Азыр жаштардын саясатка жигердүү кызыккан учуру. Жаштар арасында билимдүүлөр көп, албетте аларды келечек кызыктырат. Жаштар да саясатта өзүнүн салмактуу пикирине ээ болгусу келет. Бирок, өкмөт жаштарды канчалык уга коёрун айтуу кыйын,- деди Мария.

Ушундан улам “Жаштардын кайсыл бөлүгү саясатка кызыгат жана катышат?” деген суроо жаралат. Павел Данилиндин айтымында, саясатка “андан өзүмө пайда табам” дегендер гана катышат.

- Жаштардын белгилүү бир гана катмары саясатка кызыгат. Булар саясатттын жардамы аркылуу өзүнүн кызматтык зоболосун көтөргүсү келгендер.

Эгер чындап эле күчтүү амбициясы менен чыгып жаткан жаш саясатчылар болсо, алар алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо канчалык деңгээлде өздөрүн көрсөтө алышат? Эң башкысы – бул үчүн аларга мүмкүнчүлүк берилеби? Деги Кремлдин жаштар саясаты чындап эле жаштарды колдоого арналганбы же аларды өз кызыкчылыктары үчүн колдонууну көздөйбү? Келе жаткан шайлоолор бул суроолорго жооп бериши керек.

XS
SM
MD
LG