ЖАЛАЛАБАТ. Жыйынга катышкандар социалдык чыңалууну жаратаар жагдай-шарттардын негизги багытттарын аныкташты. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкелери эмдигиче так аныкталбаганы, жергиликтүү жана борбордук бийликтердин коомдук маанилүү чечимдерди ачыкка чыгарбай кабыл алганына айыл-кыштак калкынын нааразылыгы өсүп жатканы белгиленди. Мындай маалымат Эл аралык сабырдуулук корунун Аксыдагы жетекчиси Бектемир Багышкуловдон алынды. Анын айтымында жыйындагылар сот жана укук коргоо уюмдарындагы паракорчулукка да токтолушуп, чек арадан өтөөрдө эки өлкөнүн тең эли менен өкмөттүк кызматкерлери, чек ара жана бажы адистери коңшу мамлекеттердин мыйзамдарын билбей тургандыгын айтышты. Аксыдагы социалдык жайлардын абалы менен унаа жолдордун тамтыгы чыкканы жана эгин сууларынын жетишсиздиги сынга алынды. (YA)