Парламент бүгүн “Капиталдарга мунапыс жарыялоо” жана “Депозиттерди камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзам долбоорлорун кароого киришет. Бул тууралуу шейшемби күнкү жыйында айтылган. Ошондой эле отун-энергетика жана суу ресурстрары боюнча комитети Камбарата ГЭСтерине байланышкан маселени бүгүн добуш берүүгө алып чыгуусу белгиленген эле. Бирок комитет кечээки жыйынында бул маселе боюнча чечим кабыл алган жок. Комитет төрагасы Камчыбек Ташиев аны өкмөттүн жыйынга даярдыксыз келгенине негиздеди.(SM)