Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Жогорку Сот Аксы окуясына байланыштуу ишти 2005-жылы карап, бирок окуяга тиешеси бар деп шектелгендерди жоопкерчиликке тарткан эмес. Бирок Башкы прокуратура соттун мындай чечимине каршы болуп, ишти кайра кароого жиберген. Азыркы учурда Жогорку сотто Жалалабад облусунун мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов, Аксы районунун ошол кездеги акими Шермамат Осмонов баш болгон бир катар чиновниктер күнөөлөнүүдө. Соттук териштирүүнү судьялар Маткеримов, Курманбек Жороев жүргүзүүдө. (AiT)