Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

11:58 Аксылыктар Жогорку Соттун имаратында ачкачылык жарыялашты


Аларды мындай кадамга баруусуна Жогорку Соттун Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти териштирүүнү 28-июнга которуп коюусу себеп болду. Ачкачылык жарыялаган 33 киши соттук териштирүүнү тезинен баштоону, же жол кире жана жатакана акысын төлөп берүүнү талап кылышууда. Жогорку Сот Башкы прокуратуранын талабы менен Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүнү бүгүн кайрадан баштап, бирок жаңы судьянын иш менен тааныш эместиги жана жаңы жагдайлар боюнча жаңыдан кылмыш иши козголгонуна байланыштуу кылмыш ишти кароону 28-июнга которуп койду. Мындай чечим алыстан келген аксылыктардын нааразылыгын пайда кылып, алар ачкачылык жарыялашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG