Бүгүнкүгө белгиленген сот ишинин эки жумага жылдырылышына нааразы болгон 33 адам Жогорку Соттун имаратында ачкачылык жарыялашкан. Бүгүн кечке жуук аларды Турсунбек Акун, Азиза Абдрасулова баштаган укук коргоочулар соттун имаратынан чыгып кетүүгө көндүрүштү. Ага аларды бул жерден күч менен чыгарышы мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар себеп болду. Аксы окуясынын жабырлануучулары эртең Акүйдүн алдына чогулуп, президент менен жолугууга аракет кылмакчы.(SM)