Аталган ГЭСтерден өзгөчө макамды алып салуу боюнча мыйзам долбоорун депутаттар эки жумадай талкуулашкан соң түшкөн сунуштарды карап, маселени добуш берүүгө алып чыгууну тиешелүү комитетке тапшырган. Отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитет төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ өкмөт менен комитет талкууланган маселе боюнча негизинен орток пикирге келгенин, бирок Камбарата ГЭСтери күрөөгө коюлар-коюлбасы тууралуу дале бир пикир жоктугун билдирди. Бул маселе парламенттин бүгүнкү жыйынына коюлмакчы.(SM)
7:09 Парламент Камбарата ГЭСтеринин тагдырына байланышкан талкууну бүгүн кайрадан улантат