Ооган бийликтери акыркы суткада өлкө түштүгүндө өкмөттүк аскерлер менен талибдердин ортосундагы кагылышуулардан 33 согушкер өлтүрүлгөнүн кабарлады. Тындым болгондордун арасында талаа командирлери да бар. Аскердик операциялар Кандагар жана Газни аймактарында жүргүзүлгөн.