Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

НЬЮ-ЙОРКТО АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КИНО ФЕСТИВАЛЬ АЧЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага 14-июнда Нью-Йоркто адам укуктарын коргоо жаатында иштеген эларалык “Human Rights Watch” уюмунун кинофестивалы ачылды. 28-июнга чейин өтө турган фестиваль дүйнөнүн бир топ мамлекеттериндеги адам укуктарынын абалын сүрөттөгөн тасмаларды көрсөтөт.

14-июнда ачылган Нью-Йорк фестивалы 1994-жылдан бери өтүп келатат. Жалпысынан адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барган “Human Rights Watch” уюму жылына 500 тегерегинде көркөм, адабий, анимациялык жана башка тасмаларды көрсөтөт. Фестивалга катышууга укук алыш үчүн талапкерлердин фильмдери көркөмдүүлүгү жагынан да мыкты тартылып, андан сырткары, сөзсүз адам укуктары маселесин да козгошу керек. Болгондо да, адам укуктарына тиешелүү проблема өтө так, бир тараптуу эмес, кылдат чагылдырылышы абзел.

Нью-Йоркто көрсөтүлө турган тасмалардын арасында былтыр “Мыкты чет-өлкөлүк тасма” деген номинацияда “Оскарды” утуп алган немисче фильмге өзгөчө көңүл бурулууда. “Башкалардын өмүрү” деген бул тасмада бир үйбүлөгө тыңчылык кылган киши аларды канчалык жакшы билген сайын, тыңчылыгынан баш тартып, аларга жардам берүүнү чечет.

Дагы бир тасма, америкалык режиссер Рори Кеннеди тарабынан тартылган. Ал Багдаттагы Абу-Грейб түрмөсү жөнүндө айтат.

“Human Rights Watch” бул жолу Борбордук Азиядан эч кандай тасма көрсөтпөйт. Постсоветтик өлкөлөрдөн болгону польшалык режиссердун былтыр Беларуста өткөн президенттик шайлоо жөнүндөгү тасмасы бар. Анда 17 жаштагы беларус жигит жана анын досторунун окуясы чагылдырылган экен.

Режиссер Мирослав Дембински биздин радиого билдиргенге караганда, фильмди тартыш үчүн окуяны жаздырып алууда жергиликтүү бийликтер менен бир топ кыйынчылыктарга кабылган.

- Шайлоого бир күн калганда, менин операторум мага телефон чалып, бир топ полисмен эшикти каккылап жатканын, эмне кылыш керектигин сурап калды. Менин жубайым болсо: “Эшикти ачпагыла!”, - деди. Мен өзүм аябай коркуп кеттим, анткени Минсктеги эки жигит үчүн мен толук жоопкерчиликти алган болчумун. Заматта Польшанын элчилигине чалып, консулдун ал жерге келишин сурандым. Дагы бир польшалык теле-журналистти да чакырдым. Жарым саатта алар ошол жерге келип калышты. Бирок эки сааттай убакытка чейин полиция консулду ал жигиттер менен көрүштүрбөй койду. Кийин полиция биздин бүт техникабызды камакка алды. Бирок ага чейин тартылган тасмабызды биз темир-жол станциясындагы жашыктардын бирөөсүнө катып койгон элек. Аябай күлкүлүү куучулук деңизчи, бирок ошол шарттарда орундуу эле болду окшойт,- дейт польшалык режиссер Мирослав Дембински.

Негизи, “Human Rights Watch” дүйнөнүн бир топ шаарларында, алардын ичинде, Нью-Йоркто, Сан-Францискодо, Торонтодо жана Лондондо адам укуктарын коргоого үгүттөгөн, же бул жааттагы проблемаларга көңүл бурууга чакырган кинофестивалдарды уюштуруп жүрөт.
XS
SM
MD
LG