Бул тууралуу «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдырасулова билдирди. Анын айтымында, жолугушууда Башкы прокурор Аксы окуясын иликтөөнү аягына чыгарууга ага мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. Тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берүү үчүн Элмурза Сатыбалдиев аксылыктар менен июнь айынын соңунда дагы бир ирет жолугушмак болду. Белгилүү болгондой Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча сотук териштирүүнү 14-июнга белгилеп, бирок ишти кароону 28-июнда улантуу боюнча чечим чыгарган. Буга нааразы болгон жабырлануучулар сот залында ачкачылык жарыялашкан. «Бирок алар кечээ күнү эле акцияларын токтотуп, бүгүн үйлөрүнө кайтышат», деп белгиледи Абдырасулова. (AiT)