Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбүдө орус драма театрында “Үйбүлөнүн сүйүү комедиясы жана трагедиясы” аттуу спектакль көрсөтүлдү.

Анда Орусиянын эмгек сиңирген артисти, Грузиянын эл артисти Станислав Садальский менен Орусиянын эл артисти Ольга Богданова ойноду. Ольга Богданова өз сөзүндө буга чейин да Кыргызстанга келгенин билдирди.

- Мен экинчи ирет келип жатам. Кыргыз эли меймандос келет. Сырттан келген артистерди жакшы тосуп алышат. Андыктан бул биздин акырык келишибиз эмес, колдон келсе тез-тезден келип, эки элдин ортосундагы маданий алаканы чыңдасак деген ниетибиз бар.

14-июндан тарта, 16-июнга чейин Бишкекте жаш ырчы Мирбек Иманбеков “Сүйүүнүн керемети” аттуу жеке концертин тартуулады. Үч саатка созулган концертте ырчы ыр күйөрмандарына жаңы ырларын тартуулады. Кечеге келген көрармандар ошондой эле “Шаттык” бий ансамблинин бийлери, жаш куудулдардын пародияларына күбө болушту. Мирбек Иманбеков эми түштүк жергесинин тургундарына концерт тартуулоону ниет кылууда.

Он жашар сүрөтчү Санжар Коңурбаев Бишкекте жеке көргөзмөсүн ачты. Анда элүүдөн ашык эмгек коюлган. Ал сүрөттөрүндө кыргыз жери , табияты жана дүйнө шаарлары чагылдырылган. Мисалы айрым сүрөттөрүндө Чехияны, Германияны тарткан.

- Себеби бул шаарлардагы үйлөр кооз, мен бул өлкөлөрдө болгон эмесмин бирок атам барган, андыктан анын айтып бергендерин угуп, ал түшкөн сүрөттөрдү көрүп эле элестетип, өзүмдүн фантазиямды кошуп тартып коем- деди Санжар.

Санжар Коңурбаев сүрөт тартуудан тышкары музыкага да кызыгат. Ал көбүнчө классикалык чыгармаларды жактырат. Ошондой эле гитарада ойнойт. Келечекте чет өлкөдө билим алып, Гапар Айтиевге окшогон белгилүү сүрөтчү болсом деп тилек кылат.

- Келечекте бул чыгармачылык тепкичтен улам өйдө көтөрүлүп, чет өлкөдөн билим алууну көздөп жатам. Сүрөтчүлүк окуу жайын бүтүрүп, белгилүү сүрөтчү болсом, мыкты чыгармаларым менен кыргыз элин дүйнөгө таанытсам деген тилегим бар.

Бул жумада Бишкекте Орус кинолорунун фестивалы өттү. Фестивалдын алкагында кинокүйөрмандарына тандалган, жаңы тасмалар тартууланды. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган бул маданий иш-чара Орусиянын эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлдү.

Кения, Румыня, Беларуссия, Польшадан, келген цирк артистеринин Бишкектеги оюну аяктады. Сырттан келген цирк өнөрпоздору көрүүчүлөргө төө, ат , ит жана башка үйрөтүлгөн жаныбарлардын коштоосунда оюн көрсөтүштү. Анын ичинде салмагы беш тонна болгон пилдер да бар. Индиядан келген Магда жана Вени деген пилдер Бишкектин көчөлөрүн да кыдырышты. Кыргыз циркинен билдиришкендей Кыргызстанда пилдер коштогон мындай программа жыйырма беш жылдан бери боло элек. Алыстан келген цирк өнөрпоздорунун курамында кыргыз артистери да бар. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактыбек Насыпбековдун билдиргенине караганда ар кайсы өлкөнүн цирк өнөрпоздорунун башын кошкон бул топ менен алты айдан бери иштешүүдө, буга чейин Орусиянын, Казакстандын шаарларында оюн коюшкан. Эми Ташкенде өнөрлөрүн көрсөтүшөт, андан соң Кытайга сапар алышат.

Эрнист Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” тасмасы Словенияда өткөн “Изола-2007” эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыды. Режиссердун айтымында аталган фестивалдын өзгөчөлүгү соңку он жыл аралыгында тартылган тасмалар тандалып алынат жана көрүүчүлөр баа беришет. Бул жолку сынакта Австрия, Аргентина,Кытай, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдүн фильмдери көрүүчүлөрдүн сынына коюлган.
XS
SM
MD
LG