Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

11:45 Президент К. Бакиевдин эскертүүлөрүн жоюу боюнча атайын комиссия түзүлдү


16-майда президент Бишкектин кээ бир аймактарын жөө кыдырып чыгуусунан кийин шаардык бийлик өкүлдөрүнүн айрымдарынын дарегине карата эскертүү жасалган эле. Курманбек Бакиев Ататүрк сейил багынын айланасындагы жеке турак-жайлардын курулушуна бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган. Ошондон кийин шаардын мэринин буйругу менен турак-жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Ага Октябрь райондук администрациясынын, шаардык башкы архитектуранын, муниципалдык мулктү башкаруу боюнча комитеттин өкүлдөрү кирди. Бир жуманын ичинде комиссия Ататүрк сейил багынын аймагындагы бөлүнгөн жердин жана курулуп жаткан турак-жайлардын мыйзамдуулугун текшерип чыгууга тийиш. Комиссиянын ишин Бишкектин мэри Арстанбек Ногоев көзөмөлдөмөкчү. (ZMa)

XS
SM
MD
LG